super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Өкмөттүн №1-планы - Кыргыз Республикасын ишкерлер үчүн бейишке айлантуу"

 
"Кыргыз мамлекети ишкерлер үчүн бейиштей жер болушу керек". Муну мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-августта Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанатта билдирди. Президент азыркы учурда башкы маселелердин бири экономикалык көз карандысыздыкка жетүү экенин айтып: "Экономикалык жана каржылык көз карандысыздыкка жетүү биринчи маселе. Кыргыз жеринде ишкерлер өздөрүн бейиштегидей сезиши үчүн керектүү шарттарды түзүү үчүн жаңы парламент керектүү мыйзамдарды тезинен кабыл алышы зарыл. Күнөскана, кайра иштетүү ишканаларын курууда ишкерлерге тоскоолдук болбошу керек. Текшерүүчү органдар азайышы кажет",- деди президент.
Мамлекет башчы өлкөдө туруктуулук маанилүү экенин белгиледи. 
"Азыр дүйнө жүзү тынч эмес, 1000 жылдык тарыхы бар айрым мамлекеттер ураганы жатат. Үйүндө ыркы жоктун сыртта сыйы жок, мекенибизде бири-бирибиз менен жакалашып турсак сырттагыларга уят болобуз. Саясатчылар кызмат талашып жатканда сырттан келген коркунучтар көбөйүүдө. Жакында Орозо айт күнү бизди Кудай сактады. Кыргыз мамлекети көп улуттуу өлкө, баарыбыз уруу-урууга бөлүнүп кетсек, кыргыз мамлекетин ким курат? Ар бир жаран мекенин Алыкул Осмоновдой сүйсө, Исхак Раззаковдой таза иштесе, ошондо келечегибиз кең болот",- деди президент. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: