Владимир Путин менен Дмитрий Медведев спорт залда чогуу машыгып, чай үстүндө баарлашты

30-август, жекшемби күнү Орусия мамлекетинин башчысы Владимир Путин жана өлкөнүн премьер-министри Дмитрий Медведевдин бирге машыгуу өткөрүшкөнү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул жолу саясатчылар иш костюмун, галстукту спорттук кийимдерге алмаштырып, коомдук-саясий маселелер талкууланган жыйындарда эмес, спорттук залда жолугушту. 



Автор: Айпери Ганыжан кызы

Президент менен өкмөт башчы резиденциядагы спорттук залда машыгып, бир катар көнүгүүлөрдү жасап, дене тарбияда да жакшы көрсөткүчкө ээ экендигин көрсөтө алышты.

Тренажёрлордо машыккан соң эртең мененки тамакты даярдашты.

Бирге тамактануу учурунда В.Путин менен Д.Медведев актуалдуу маселелерди да талкуулашты.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

