super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: "Сатып алуучу мекемелердин 70 пайызы электрондук мамлекеттик сатып алууларга өтүштү"

 
Быйыл өкмөт тарабынан каржы министрлигинин алдына коюлган 7 милдеттин бири - электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө этап-этабы менен өтүүнү камсыздоо. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. 

"Бүгүнкү күндө сатып алуучу уюмдардын жана мекемелердин 70 пайыздан ашууну электрондук мамлекеттик сатып алууларга өтүштү. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти машыктыруучуларды аймактарга чыгаруу менен окутуу семинарларын өткөрүштү. 20-августка карата 2574 сатып алуучу уюм жана 1709 жеткирип берүүчү окуудан өттү",- деп айтылат маалыматта. 

Мамлекеттик сатып алуулар жаатында Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик-укуктук актылары иштелип чыгып, министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу баскычында турганы, алар жүргүзүлгөн экспертизанын негизинде Юстиция министрлигинин корутундусу алынгандан кийин өкмөттүн “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өмөттүн айрым ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленген тартипте бекитилери айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: