"Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт башталды









Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган майрамдык концерт башталды. Салтанаттуу кечени Салтанат Саматова менен Турат Касымбеков алып барышууда.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов куттуктоо сөзү менен ачып берди. Ошондой эле шаар тургундарын жана конокторун концертти каржылап жаткан “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер да куттуктап өттү. Концертте кыргыз эстрада жылдыздары Иса Өмүркулов, Салтанат Аширова, Гүлзада Рыскуловалар чыгармаларын тартуулап жатышат. Майрамдык концертке болжол менен 20 миңдей көрүүчү келди.
Мээрим Карыпова "Кара жорго" ырын аткаруу үчүн сахнага чыгып, бирок техникалык себептерден улам алгач бир куплет ырды жандуу аткарып чыгып кетти. Анын ордуна Султан Каримов чыгып ырдагандан кийин Мээрим Карыпова кайрадан ырдады.
кошулду
Орусия жана Франциядан келген ырчылар "Ала-Тоону" "жарышты"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

Концерттен репортаж кабардын ылдый жагында турат. Же төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/stv/148829/
Уюштуруучуларга жана ушул видеону корууго мумкундук берген Супер-инфо жамаатына ыраазычылык!