Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Кытайга барат
Бүгүн, 1-сентябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары башталат. Анда президент Бээжин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышат. Ага 30дай мамлекеттин башчылары чакырылган. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашат жана бир катар келишимдерге кол коюшат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Атамбаев 3-сентябрда кыргыз жерине кайтып келип, 4-сентябрь күнү Иран мамлекетине бармакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

