super.kg logo

Таш-Көмүрдө кайненеси менен бирге ичимдик ичип, кийин аны өлтүрүүгө аракет кылган жаран Нарын дарыясына өзүн таштоого камынып жаткан жеринен кармалды

 
Таш-Көмүр шаарында кайненеси менен бирге ичимдик ичип, кийин аны өлтүрүүгө аракет кылган жаран Нарын дарыясына өзүн таштоого камынып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 1-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 
Маалым болгондой, 24-август күнү Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну аталган шаардын Масалиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кайненеси менен чогуу спирт ичимдигин ичип отуруп чырдаша кеткен. Күйөө баласы кайненесинин башына уруп, баштыктын сабы менен муунтуп өлтүрүүгө аракет жасаган. Эс-учун жоготуп, мурдунан кан агып кеткен кайненесин көрүп, "өлтүрүп алдым" деген ой менен үйдөн коркуп качып кеткен. Андан соң Нарын дарыясына барып, жардан сууга секиргени жатканда милиция кызматкерлери кармап калышкан. Ал эми жабыркаган кайненеси Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, ден соолугу калыбына келтирилгени айтылды. 
Бул факт боюнча жабырлануучунун кызы өз күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазып, учурда кылмышка шектүүнүн үстүнөн "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" менен кылмыш иши козголду. Таш-Көмүр ШИИБинин тергөөчүлөрү тарабынан учурда тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
01.09.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээхх... Акыркы кундору жалан ушундай жанылыктарды окуп калдыкко бироосу олтуруп жаткан бироосу олтурууго аракет кылган... Заман кай жакка баратат...
01.09.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каргыш тийгир ичкиликтин пайдасы...
Ичпей эле койгулачы кыргызым
01.09.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайын энеси мн да отуруп ичкен эмне деген шумдук тобоо!
01.09.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкен кундо да,адам деген озун колго алуу керек да. Мастын акылы соо деп койот. Ар адамдын озунон.
01.09.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайненеси дагы жинди экен да, куйоо баласы менен дагы ичимдик ичеби!!! Уяты жоктор десе!!!
01.09.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак азап,арак бут жаман нерсени башаты. Ичпеген адамга баары жакшы болот. Биз мусулман элбиз ичкилик бизге арам. Ичкилик бар жерде мындай окуялар боло берет.
02.09.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракты да ичиш маданиятын уйронуп билиш керек аракты адамдар эмне учун ичишет?карап корсок кээ бир адамдар бар ичип олтурсан ушунчалык сонун эс аласын болгон чарчоон чыгып кетет!ырдап бийлеп сырдашып у.ж.б!кээ бирлери ушунчалык бир маймылга айланат баарын билип туруп со о мезгилинде айталбай кыла албаган нерселерин ичип эшекке айланып атайын жасайт !бул адамдврды ушунчалык коркок адамдык касиети пасс деп эсептейм Жана боорум гана ачыйт
02.09.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнене да ушундай болобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: