super.kg logo

Бишкекте бет кап кийип, коркутуу жолу менен акча тоногон жарандар кармалышты

 

Бишкекте бет кап кийип, коркутуу жолу менен акча тоногон жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, буга чейин соттолгон, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы Б.Анарбек аттуу тургуну кармалган. Ал быйылкы жылдын 21-январында саат 23:20 чамаларында өзүнүн үч шериги менен бет кап кийип, мылтык көтөрүп, борбордун П.Лумумба көчөсүндө жайгашкан үйгө кирген. Алар М.К. аттуу 52 жаштагы үйдүн кожоюнун жана анын эки өспүрүм баласын коркутуп, 162 000 сом акча каражатын алып кетишкен.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы С.Айбек аттуу тургуну дагы бир кылмыш боюнча кармалды. Окуя 2014-жылы Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде орун алган. Анда бет капчан 4 адам үй ээлерин сабап, коркутуп байлашкан да, 305 000 сомду уурдап кетишкен.

Учурда жогорудагы кармалгандар күнөөсүн моюндарына алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Ошондой эле калган кылмышкерлерди табуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
01.09.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш жигиттер экен. Же ишке,же ашка тойбогон. Буларды ата-энеси кандай максат,мээнет менен умут кылып остургон. Мына эми.
01.09.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
камап олум жазасын киргиз иш керек
01.09.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ Элге жардам бергендин ордуна тоноп журот колтойгон эркек башы менен. ХХХ илгерки убак болгондо мындайларды ХХХ ХХХ эле. Соз жок мындай эркексоройлорго.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-02 11:13:29
02.09.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan5 - эскертүү!
Эмоцияга алдырып, порталдын эрежелерине туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: