super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз элин Билим күнү менен куттуктады

 

"Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өлкөбүздөгү окуучуларды жана студенттерди 1-Сентябрь – Билим күнү менен куттуктады. 

Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:  

"Урматтуу окуучулар жана студенттер!

1-Сентябрь – жыл ичиндеги эң жакшы майрамдардын бири. Бул күн бардык элдерди жашына карабай бириктирет. Адам бул жашоодо эмне иш менен алектенбесин, 1-сентябрь күнү баарыбыз тең өзүбүздүн окуган мектебибизди, училище же техникумубузду, университет, институтубузду эстейбиз. Анткени ошол мезгилде эң бактылуу күндөрүбүз өткөн. Мен дагы ар дайым ушул күнү өзгөчө толкунданам. Менин эмгек жолум алгач мектепте мугалим болуп иштөө менен башталган, физика сабагынан балдарга сабак берчүмүн.

Бизде, мамлекетибизде дайыма илим-билимге өзгөчө сый-урмат менен маани берилип келет. “Адамдын көркү – акыл” деген накыл кеп бар. Канчалык билимдүү болсоң, акылың да ошончолук көп болот эмеспи. Революциядан кийинки жылдарда алдыбызга өлкөбүздү илим-билимдүү мамлекетке айландыруу максаты коюлган. Бул үчүн Кыргыз Республикасы алдыга карай чоң кадам шилтеди. Натыйжада илим-билимди жана маданиятты өнүктүрүү жагынан көп өлкөлөрдү кууп жетти. Анткени биздин өлкөнүн жарандары илим-билим алууга абдан тырышып, мыкты окууга аракеттеништи. Бул жакшы жыйынтык бере алды.

Азыр да биздин жаштар окууну сүйүшөт, билим алууга умтулушат. Кыргыз Республикасында эң жакшы билим уялары жана анда иштеген тажрыйбалуу окутуучулук курам бар. Ал эми мамлекеттен бир гана нерсе талап кылынат. Ал – тармакты андан ары жакшыртууга мамлекет тарабынан көңүл бурулушу. Билим берүү тармагындагы абалды жакшыртуу биздин алдыга койгон негизги маселе болуусу кажет деп ойлойм. Биз бул маселени тоскоолдуксуз чечерибизге ишенем.

Урматтуу достор! Баарыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Ар дайым ден соолукта жана бактылуу болуңуздар! Билим жолуңуздар шыдыр болушун тилейм!"

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
02.09.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омурбек Чиркешович Кыргыз мамлекети учун 120депутат коптук кылбайбы?ушул масалени карап койсонуз кичине кыскартып койсонуз жакшы болмок !биз билебиз бцл сиздин колунуздан келет
02.09.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата Мекен партиясынын лидеринин саясатта жургузгон иштерин айрым жердештерибиз колдосо керек, бирок мен колдобойм.
02.09.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга Ата-Мекен партиясы, биз сиздерди колдойбуз!
02.09.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
20 жылдан бери суйлойт корунуктуу эч бир иш жасабады
02.09.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердешим кай числодо, кандай суйлоорун билет.. Бирок мен трайбалистка эмесмин, анын устуно Чиркешовичтин создорунун жасалмалуулугун колдобойм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: