Борбордук шайлоо комиссиясы: Депутаттыкка талапкерлердин катарынан 61 адам чыкты
Парламенттик шайлоодо ат салышчу талапкерлердин тизмесинен жалпы 61 адам чыгарылды. БШКнын билдиришинче, бүгүнкү күнгө карата "Ар-намыс" партиясынын талапкерлеринен 7 адам, "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясынан 2, "Бир болдон" 2 адам чыкты. Буга чейин коомчулуктун сын-пикиринен кийин айрым партиялардан талапкерлер өз каалоолору менен шайлоого катышуудан баш тартышкан эле.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого 14 партия катышканы жатат. Үгүт иштери 4-сентябрда башталып, шайлоо 4-октябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

