super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районунда 26 жылдан бери салынып келген мектеп ачылды

 
Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Орозбеков айылында 26 жылдан бери бүтпөй келген мектептин курулушу бүтүп, анын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу окурман билдирди. 
Анын айтымында, иш-чарага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, айыл өкмөтү жана райондун акими катышып, кызыл тасманы кесишти. "Мектепке Сайдулла Тешеевдин ысымы ыйгарылды. Тешеевдин балдары атасынын урматына элге сый тамак беришти, окуу жайдын алдына анын бюстун тургузушту. Мындан тышкары мектептин эски имаратын айылга бала бакча кылып берүүгө сөз беришти. Иш-чарада Дамира Ниязалиева мектепке белек катары бир компьютердик класс ачып берерин айтты",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
01.09.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мынча эрте, дагы эле шашылбай кура бербейсиңерби.
01.09.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой-ой, 26 жыл көп убакыт да. Пайдаланууга берилбей жатып, жарым жашын жашап койгон болобу... Сапаты кантти экен, ай-ай...
01.09.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото коп убакытта салыныптыр,биринчи строй материалдарынын эскилиги жеткнн чыгаар
01.09.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы 26 жыл болсо да бутуптур менин айылымыма мектеп курулат деп фундаментине 90 жылдары аң казылган ошол аңгектен эле чонойуп буттук.. 2015 болду болбосо айылга барып карасам аңдын жарымы көмүлүп калыптыр
01.09.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен 26 жылда кремельди курмакмын.
02.09.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
89 жылы башталган экенда ошондо курулуш. бат эле куруп койгонго дагы бир 20 жыл кутушпоптурда. ал жерде мектеп курулуп жатканында унутуп калышаар беле. Апамын айылына да 15 жылдан бери мектеп куруп беребиз деп жер болуп койгон. ушул жылга чнйин пайдубалы да курула элек. Ордуна мечит курулуп калса тан калбайм. Бизде мектеп оорукана куруу кыйын. Мечитке келсе бир айга жетпей куруп салышат. 2 кадам бассан баардык жер мечит.
02.09.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо байкуш 90-жылкылар кутуп журуп окууну да бутуп кетишиптир да
02.09.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maratkgz - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: