Эркингүл Иманкожоева: "Бишкектеги айрым бала бакчаларда 1 керебетте төрттөн бала уктайт экен"
“Учурда Бишкектеги айрым бала бакчалардагы бир тайпада 80дей бала тарбияланып жатат. Бир керебетте төрттөн бала уктайт экен. Азыр шаар тургундарынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири бала бакча болуп жатат. Андыктан өкмөт бул маселеге көңүл буруу керек”. Бул сөздү бүгүн, 28-февралдагы ЖКнын жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Айта кетсек, бүгүн парламент жыйынында өкмөттүк саат болуп, анда өлкөдөгү музейлердин абалы, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер жөнүндө маселелер каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

