super.kg logo
  Саясат  

Көмөк чордондорго, автоматтык телефон түйүндөрүнө жарнак чаптоого тыюу салынат

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 1-сентябрдагы жыйынында “Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору каралды.

Демилгечилердин айтымында, трансформаторлорго, телефондук бөлүштүрүүчү шкафтарга, автоматтык телефон түйүндөрүнө, таксофондук кабиналарга жарнак чаптоого тыюу салынмакчы. Мындай жайларга жарнак чаптоо менен кооптуу жагдайлар түзүлүүдө. "Мисалы, көмөк чордондорго, электр линияларынын таянычтарына чапталган жарнактардан улам алардын бетине жазылган техникалык белгилерди табуу түйшүгү жаралып, кээде тармактын кызматкерлерин ток урган учурлар болууда",- дешти мыйзам долбоорун жактагандар.

Талкууда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоого алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: