super.kg logo

2016-жылы жер казынасын пайдалангандыгы үчүн бюджетке 1,2 миллиард сом салык түшүшү күтүлүүдө

 

2016-жылы жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктын божомолдонгон жалпы суммасы 1 миллиард 263,5 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Каржы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, жаңы кендерди лицензиялоо жана ишке киргизүү 2016-жылы 690 миллион сом өлчөмүндө бонустардын түшүүсүн камсыз кылат. Ошол эле убакта роялтинин түшүүсү 573,5 миллион сом өлчөмүндө бааланууда.

Стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды кошпогондо, роялтинин (жер казынасын пайдаланганы үчүн төлөө) жыйымдарынын 50 пайызы республикалык бюджетке, 50 пайызы жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Бонустардан түшүүлөр толугу менен республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

2016-2018-жылдарга жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктын түшүүсүнүн божомолу салык мыйзамдарында белгиленген кендерди пайдалануу менен пайдалуу кендерди казып алуунун божомолдонгон көлөмүнө, мурдагы жылдардагы түшүүлөргө жана 2015-жылга салык чогултууну баалоого жараша белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: