super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Башкы прокуратураларынын ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү

 
Башкы прокурор Индира Жолдубаева 26-29-август күндөрү Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 13-жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин 25-жыйынына катышты.
Башкы прокуратуранын билдиришинче, жыйындарда кылмыштуулук, коррупция, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Жолдубаева Казакстан, Кытай, Армения, Беларусь, Тажикстан, Монголия жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнү айтылды. Анда аталган уюмдардын алкагында Башкы прокуратуралардын ортосундагы кызматташтыктын эффективдүүлүгүн күчөтүү боюнча талкуу болгон. Мындан тышкары Кыргыз Республикасы менен Монголиянын, Тажикстандын Башкы прокуратураларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: