super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондук сотторунун судьялары ант беришти

 

Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары 1-сентябрда ант беришти. Жогорку Соттон билдиришкендей, Свердлов райондук сотунун судьялары Инара Гилязетдинова, Гүлмира Саргалдакова жана Асел Сманалиева, Биринчи Май райондук сотунун судьялары Нурмамат Ботобаев жана Дамира Орозовалар ант беришти.

"Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты. Биринчи Май райондук сотуна 14 судья дайындалды жана райондук соттун курамы толугу менен иштей баштады. Свердлов райондук сотунда судьянын 15 оруну каралган, анын 13ү дайындалды, дагы 2 орун бош турат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: