Ош шаардык мэриясында парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды
Ош шаардык мэриясында 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды. Мэриянын билдиришинче, жыйынга шаар башчысы, шаардык ишкана-мекемелердин жетекчилери, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.
"Шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында жасалчу иш-чаралар каралды. Шаар аймагындагы бардык шайлоо тилкелерин керектүү жабдуулар менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Ош шаарында 73 негизги шайлоо тилкеси бар, мындан тышкары ички мигранттар үчүн кошумча 7 шайлоо тилкеси ачылды",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

