super.kg logo

Тамекини легалдуу сатуу мамлекеттик бюджетке 3 миллиард сом акциз берет

 

Тамекини легалдуу сатуу мамлекеттик бюджетке 3 миллиард сом акциз берет. Мындай маалыматты бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв билдирди. Анын айтымында, жаңы мыйзам долбоору билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт мекемелеринен 100 метр радиуста тамеки сатууга тыюу салса, көптөгөн ишкерлер көмүскөдө иштегенге өтүшөт.

Мисалы, легалдуу сатуучулардын 1 пайызы көмүскөгө кеткенде мамлекеттик бюджет 29 миллион сомго акцизин жоготот. Болжол менен бир жылда казына 145 миллион сомго зыян тартат. 

Биз мыйзам долбоорун чыгарган 11 депутатка башка сунуш киргизели дедик. Мисалы, тамеки тарткан адам өзү чеккен каражатты 100 метр болобу, 500 метр болобу же үйдө отуруп интернет аркылуу болобу, сатып алат. Бул жерде соода түйүндөрү гана жапа чегишет, ал эми көмүскөдө саткандар көбөйөт. Бул мыйзам долбоору өспүрүмдөрдүн тамеки чегүүсүнө бөгөт коюу максатында иштелип чыккан. Мындан улам чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү 18 жашка чыга элек атуулдарга тамеки сатууну жакшы көзөмөлдөш үчүн ар бир соода-сатык жайына камера орнотуу сунушун киргизишет”,- дейт Пономарёв.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
02.09.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамга биринчи эрк керек тамеки чекбей койгонго.Анан башка жолдорун издеш керек
02.09.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамекинин баасын кымбат кылып койгула да, анан кором 18 ге толо электер чегишкенин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: