super.kg logo

Нарын. Кочкор районунун акими мыйзамдуу иштээрин айтып, аны каралоо аракеттери жөн гана саясий оюн экенин билдирет

 

Бүгүн, 2-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбеков ээлеген кызматында мыйзамдуу иштээрин айтып, аны каралоо аракеттери жөн гана саясий оюн экенин SUPER.KG порталына билдирди. Район башчысынын айтымында, 2003-2006-жылдары анын жоопко тартылганы чын жана ага жараша учурунда айып пул төлөгөн.

“2003-жылы элге арпага, буудайга деп насыя алып берчүбүз, ошону убагында төлөбөгөндүктөн, мага айып пул салынган. Ал эми 2006-жылы курулуп жаткан клубга балдарды жумушка алып, мунун айынан да акчалай айыпка жыгылгам. 

Кийинки учурларда ушуга байланыштуу асылуулар көп боло баштаганда ээлеген кызматта иштээрим мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин өзүм да билгим келип Ички иштер министрлигинин маалымат борборуна кайрылгам. Ал жерден мага “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзамга, Кылмыш жана жаза кодексинин 76-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, 2006-жылы соттолгонум жоюлду деп жооп жазышты. Ал эми жергиликтүү тургун Мурсакожо Мендиев “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамга таянып "соттолгон адам мамлекеттик кызматта иштегенге укугу жок" деп каршы чыгып жатат. Аталган мыйзам 2011-жылы чыгып, ошол күндөн баштап күчүнө кирери жазылган. Ал эми мен жоопкерчиликке тартылган жыл 2003 болуп турат. Эгер мен мыйзамдуу иштебегенде, кызматымдан өзүм эле кетип калмакмын. Бул жерде жөн гана шайлоо алдында менин ордума башка бирөөнү коюу маселеси турушу мүмкүн”,- деди аким. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: