super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: 2016-жылы кошумча нарк салыгынан бюджетке 39 миллиард сом түшөрү күтүлүүдө

 

2016-жылы кошумча нарк салыгынан бюджетке 39 миллиард сом түшөрү күтүлүүдө. Каржы министрлигинин билдиришинче, салыктан түшүүчү болжолдуу сумма 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 4 миллиард 589 миллион 400 миң сомго же 13,3 пайызга өсөт. 

"КНСтин жалпы суммасында түшүүлөрдүн негизги үлүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген продукцияга кошумча нарк салыгына же дээрлик 38 пайызына туура келет. 2016-жылга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген продукцияга КНСтин болжолдуу суммасы 2015-жылдын такталган көрсөткүчүнө карата 73,6 пайызга же 6 миллиард 657 миллион 600 миң сомго өсүү менен 15 миллиард 700 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. 2016-жылга ички продукцияга КНСтин болжолдуу суммасы 2015-жылга салыштырмалуу 1 миллиард 350 миллион сомго өсүү менен 11 миллиард 850 миллион сом суммасында бааланууда",- деп айтылат маалыматта.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: