super.kg logo

Октябрь районунда жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгысы өткөн кооптуу аймакта 36 үй-бүлө мыйзамсыз жашоодо

 
Бишкектин Октябрь районунун аймагынан жер басып алгандар кооптуу аймакта жашап жатышат. Октябрь райондук Жеке турак жай куруу департаментинин башчысы Талант Иманакуновдун билдиришинче, үстүнөн жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгысы өтүп, кайтарууга алынган аймакка мыйзамсыз 36 үй жана 4 чарбалык курулуш курулуп калган. Маалыматка ылайык, райондук сот өз алдынча салынган курулуштарды сүрдүрүү боюнча 16 чечим чыгарып, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы курулуш бузула элек. "Департаменттин мыйзамсыз курулуштарды ээсинин уруксатысыз бузууга укугу жок. Курулуштарды сүрдүрүү үчүн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгошу керек. Бирок алар келишим жана курулуш мыйзамсыз экенин далилдеген документтерди сурашууда. Биз аларга документти бергиче адамдар жаңы пайдубалдарды куюп жатышат",- дейт Иманакунов.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: