Өкмөт кызматкерлери 4-октябрга чейин 11 сааттан иштешет
Парламенттик шайлоого карата өкмөт кызматкерлери 11 сааттан иштөө режимине өтүштү. Премьер-министр Темир Сариев социалдык тармактагы жеке баракчасынан билдиргендей, өкмөттөгүлөр бүгүндөн баштап саат 09:00дөн 20:00гө чейин иштешет. Мындай тартип 4-октябрга чейин уланары белгилүү болду. Сариев муну алдыдагы иштердин көптүгү: шайлоо, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү менен байланыштырды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















