super.kg logo

Кытайда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы белгиленди

 

Бүгүн, 3-сентябрда Кытайдагы белгилүү Тяньаньмэнь аянтында кытай элинин япон баскынчыларына каршы согуштагы жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 70 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.

Ага 50дөн ашуун өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жана БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун күбө болду. Бардык конокторду Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен тосуп алды.

Маалыматка караганда, иш-чарага жалпы 12 миң аскер катышса, алардын ичинен миңге жакыны башка өлкөлөрдөн келген аскерлер. Мындан сырткары жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө салтанаты 500дөн ашуун аскердик техника, 200дөн ашуун учактардын катышуусунда өттү.

Аскердик парадга Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскерлери, Орусия, Беларусь, Мексика, Монголия, Куба, Египет, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Камбоджа, Лаос, Фиджи, Венесуэла, Вануату жана Сербиянын аскерлери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
03.09.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Немис мн жапондор кандай ойдо отурушат экен.Ата бабаларынын кылгандарын эстешип?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: