super.kg logo

Бишкектеги №1-Тергөө абагында тергөөчүлөрдүн кысымына кабылганынан оозун тигип алган жаран оозун чечти

 
Бишкектеги №1-Тергөө абагында кылмышка шектүү катары камакта отурган Рахимжан Бурадинов тергөөчүлөрдүн кысымынан улам 22-августта өз оозун тигип алган. 3-сентябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова аталган жаран оозун чечкенин кабарлады.
"Эгерде дооматың болсо, оозуңду тикпей эле айтсаң чара көрүлөт дедик. Бурадинов 4-5 күн оозун тигип отуруп, акырында эч кимге дооматы жок экенин айтып, оозун чечти",- деди Сабатарова. 
Эскерте кетсек, Бурадинов 22-августта ага карата Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү тарабынан кыйноо жолу менен башка кылмыш иштерин да моюнуна алдырууга аракет болуп жатканын айтып, өз оозун тигүүгө барган. Бирок Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы ага карата эч кандай кысым болбогонун билдирген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
03.09.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозун тиккен адам дагы копту коргон го. Жонокой адам оозун тикмек турсун оозуна ийне сайгандан коркушат
03.09.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өттө коркунучтуу
03.09.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай гана адилетсиздик!Башка бир акчалуунун куноосун мойнуна илип жатышса, айла таппай ушундай кадамга барса керек. 4-5 кун оозуна бир тамчы суу албай кантип жашады,байкуш?..
03.09.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
и оозун тигип кайра чечкени кандай аянычтуу.кичине жерине ийне сайылса кандай ооруйт.бул киши жону жок жанын оорутуп ооозун тикпейт болчу..кино эле болуп баратат ..
03.09.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооздо эмне куноо, Аллах берген оозго зулум кылып туура эмес кылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: