super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Шайлоого катыша турган депутаттар үгүт иштери бүтмөйүнчө кызматтык унааларды пайдалана алышпайт"

 

Келерки парламенттик шайлоого катыша турган депутаттар үгүт иштери бүтмөйүнчө кызматтык унааларды пайдалана алышпайт жана алардын иш сапарларына каражат төлөнбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Мындан тышкары ал 4-сентябрдан тарта талапкер депутаттардын жардамчылары, фракциялардын катчылыгынын кызматкерлери иш сапарларга чыга алышпастыгын баса белгиледи.
Айта кетсек, 
Жогорку Кеңештин 92 депутаты парламенттик шайлоого талапкер катары аттанды. Тагыраак айтканда, жалпы 120 парламенттик депутаттын 28и гана алдыдагы шайлоодо ат салышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: