super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте келечекте мугалим болчу студенттер "түрмөдөгүдөй шарттарда окубайбыз" деп митингге чыгышты

 

Бүгүн, 3-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, студенттер КУУнун Педагогикалык кадрларды даярдоо институтунун жоюлушуна жана философиялык илимдер факультетинин курамына киргизилишине каршы болушууда.

“Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдап келген окуу жайыбыз учурда жоюлуп, философиялык илимдер факультетине жөнсүз кошулуп калды. Бул чечим жалпы студенттерди канааттандырган жок. Институт бойдон калууга бардык далилдер бар, талапка жооп берерлик деп эсептейбиз”,- дешет студенттер.

Митингчилер “Мугалимдин укугу тебеленди”, “Биз өзүбүз эңсеп келген окуу жайда окуйбуз! Философиялык факультетке барбайбыз!”, “Оптимизациялоо саясатына каршы эмеспиз!” деген жазуулары бар плакаттар менен турушат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.09.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы "Шарт "тузулушу керек,контракт асман чапчып турса окуган жеринда ошондой болуусу кажет....
03.09.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар билбейтго "философия" деген эмне экенин ээн бийик билим.
03.09.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечиресиздер улуу урматтуу мугалимдер жана келечектеги мугалим болом деген студентер.Атамбаевтин ойлоп ойлонбогон созуно капа болбонуздар.Мен дагын Атамбаевтин ушул созун угуп капа болдум.
03.09.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсыл жерде турат,түрмөдөгүдөй шартта окубайбыз дегени?
03.09.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да ушу жери кызык болуп атат. При чем тут турмо дегендей
03.09.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А Атамбаевдин бияка кандай тиешеси бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: