super.kg logo

8 айдын ичинде теңдештирүүчү гранттар 898,7 миллион сомго каржыланды

 

2015-жылдын 8 айында теңдештирүүчү гранттар иш жүзүндө 898,7 миллион сомго каржыланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203,5 миң сом суммасында бекитилген. “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.

Маалымат үчүн:

Теңдештирүүчү гранттарминималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык, стабилдүү социалдык-экономикалык абалды сактап туруу максатында жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: