Кытайдагы параддан Улуттук гвардиянын 74 аскери өттү (фото)











Бүгүн, 3-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган Пекин шаарынын Тяньаньмэнь аянтындагы Жеңиш парадына катышты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, параддан 74 адамдан турган Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун ротасы дагы өттү.
Парадда 10 миңден ашуун аскер кызматкерлерин, жөө жоокерлерди, аскердик техникаларды жана авиациянын колонналарын эске алганда, бардыгы болуп 50 расчёт катышты. Кытай тарап парадда 40 түрдүү 500 техника бирдигин жана 20 түрдөгү 200 учак демонстрациялады.
Ага 30дай мамлекеттин башчылары жакындан күбө болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
1

Парадта Кыргыз жоокерлери өтүп жаткан кезде ак көйнөк менен кепка кийип турган жери бар ошол кезин көрсөң
Парадтын видеосун көрсөң ошол кезде ак көйнөк менен кепка кийип турган жери бар