super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы парламенттик шайлоодо утулуп калган партияларды ызы-чуу чыгарбоого чакырды

 
Бүгүн, 3-сентябрдагы маалымат жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев парламенттик шайлоого даярдыктар тууралуу айтты. Шайлоону таза, тынч өткөрүүгө чакырган премьер-министр: "Шайлоо учурунда укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-аракеттерди жасайт. Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Укук коргоо органдары шайлоо учурунда экстремисттик-террористтик аракеттердин алдын алат, аймактык шайлоо комиссияларына басым жасаганга жол беришпейт. Кандайдыр бир күчтөр ызы-чуу чыгарып үзгүлтүккө учуратабыз дешсе, өлкөбүз өнүгүү жолунда 5-6 жыл артка кетет",- деди.
Мындан сырткары саясий партияларга кайрылып: "Шайлоону таза өткөрүү менен биз саясий жана экономикалык туруктуулукка жол ачабыз. Шайлоого катышуучу партиялар Этикалык кодекске кол коюшту. Алар өздөрү шайлоону таза өткөрүү керектигин айтышты. Чыр чыгарам дегендерге жол бербейбиз. Утулуп калгандар "мен утмакмын" деп элдин шаштысын кетирбеши керек",- деди Сариев.
Ошондой эле парламенттик шайлоого катышуучулар учурдагы кызматын тапшырышы керектигин белгилеп өттү. "Айрым шайлоого катышып жаткан айыл өкмөт башчылары кызматтан кетишсин. Эки отургучка отурам деген ой болбошу керек",- деди Т.Сариев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: