"Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча бардык каржы маселеси чечилди" деди өкмөт башчы

Өлкө аймагында 6-сентябрда шайлоого карата "Өзүңдү тизмеден такта!" аттуу акция башталат. Бул тууралуу 3-сентябрдагы маалымат жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Айпери Ганыжан кызы
"4-октябрдагы парламенттик шайлоо - өлкө үчүн жоопкерчиликтүү иш-чара. Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү - биометрикалык маалыматтар, башкача айтканда, жаңы технологиялык систем менен өтөт. Учурда 2 710 622 адам каттоодон өттү. Ал эми шайлоочу катары тизмеге 2 595 366 адам киргизилди. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Мамлекеттик каттоо кызматына өткөн. Биометрикалык маалыматын тапшырган жаран шайлоого катыша алат. Шайлоо күнү биометрикалык маалыматы текшерилген жаранга бюллетень берилет. Шайлоону уюштуруу боюнча бардык каржы маселеси чечилди. 6-сентябрдан тартып 10 күндүк "Өзүңдү тизмеден такта!" аттуу акция өтөт",- деди премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

