Кубанычбек Турдубаев: "1-октябрга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 13 миллиард куб метрге жеткиребиз"
"1-октябрга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 13 миллиард куб метрге жеткиребиз",- деди энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев өкмөт отурумунда. Министр август айынын аягында топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 404 миллион куб метрге жеткенин айтты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Министр бирок үнөмдөө токтотулбай турганын кошумчалады. "Кийинки
жылы суунун келиши кандай боло турганын айтуу кыйын. Ошондуктан азыр да үнөмдөөнү токтотпой, тескерисинче, күчөтүү керек. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар мүмкүн болушунча үнөмдөп жатышат. Июль айында Ош облусу жана Чүй облусу электр энергияны ашыкча пайдаланган",- деди Турдубаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

