Ош шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 3000-4000 сом болуп жатат
Ош шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 3000-4000 сом болуп жатат. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Ош шаардык мэриясынын өкүлү түз байланышка чыгып айтып берди. "Бул баа көмүрдүн сапатына жараша болууда. Ошондой эле шаарда көмүр сатуучу 15 жай үзгүлтүксүз иштеп жатат",- деди мэриянын өкүлү.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Андан кийин өкмөт башчы Темир Сариев: "Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев электр энергиясындагы маселелерди чечүү үчүн шаарга 82 миллион сом каражатты ссуда катары сураган. Жакында ал акчаны которобуз",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

