super.kg logo
  Саясат  

Барак Обама Аляскада окуучулар менен бийледи

 

АКШ президенти Барак Обама Аляскадагы иш сапарында жергиликтүү элдин бийин бийледи. Америкалык басылмалар жарыялашкандай, президент Диллингхэм шаарындагы мектептердин биринде окуучулар менен чогуу бийдин бир нече кыймылын кайталаган. "Мен репетиция кылдым",- деп билдирди мамлекет башчы. 

Обама жергиликтүү ашкананын даамдарын мактаганын, өзгөчө ага балыктан даярдалган тамактар жакканын жазды "ABC News" басылмасы. 

"Тамак чынында эле абдан даамдуу экен. Анан да, жаштар, силер менен өзгөчө сыймыктанам. Каада-салтыңарды сактагыла, жакшы окуп, алган билимиңерди өзүңөрдүн коомдун жыргалчылыгына жумшагыла",- деген президент жубайы жана эки кызы менен Аляскага дагы бир жолу келерин айтты. 

Эскерте кетсек, буга чейин Обаманын телеканалдардын бириндеги шоу-программага катышары, муну менен ал телешоуго катышкан биринчи америкалык президент болору жарыяланган. Өлкө лидери катышчу телепрограмманын так датасы коомчулукка белгилүү эмес. 






Барак Обама окуучулар менен чогуу бийледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: