Бишкекке Катардан делегация келди
Бишкекке 3-сентябрда Катардын тышкы иштер министринин эл аралык кызматташтык маселелери боюнча орун басары Мухаммед бин Абдурахман аль-Тани башында турган делегация келди. ТИМдин билдиришинче, делегацияны аэропорттон Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков тосуп алды.
Автор: Автандил Добулбеков
Иш сапардын максаты - Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулоо. Бүгүн, 4-сентябрда делегация өлкөнүн бир катар министрликтеринин жетекчилери жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен жолугушары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















