Толуктугунан арылуу үчүн жардам сураган Барчынай Эталиева көз жумду

Буга чейин толуктугунан азап тартып келген Барчынай Эталиева өз үйүндө көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG порталына анын кошуналары билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, айымдын артында 6 жашар кызы калды. "Барчынай эженин өлүмү биз үчүн күтүүсүз болду. 29-августта көрүшкөн элек. Эже көз жумгандан кийин агалары үйүнө келишип, кызын алып кетишкен",- дешти кошуналары.
Айта кетсек, 38 жаштагы Барчынай Эталиева Пиквик синдрому менен жабыркачу. Анын салмагы 220 килограммга жетип, толуктугунан азап тартып келген. Ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Мен дагы бактылуу энелерге окшоп кызымды жетелеп сейил бактарда, көчөдө сейилдегим келет. Мен жок болсом кызымдын багар-көрөрү жок калат. Себеби апам каза болгондон кийин бир туугандарым менден жүз үйрүп кетишкен",- деп айткан.
Барчынай Эталиеванын толук маегин бул жактан окуй аласыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Аллах таала эми ал жактагы жашоосун бейиште кыла корсун!