super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын кеңешмеси өтөт

 
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өтөт.

Кеңешме Казакстан, Орусия жана Тажикстандын Жогорку Сотторунун төрагалары, Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун судьясы жана ШКУнун өкүлдөрүнөн турган делегациянын катышуусунда өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 негизги маселени талкуулашат. Алар: Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу, адам сатууга байланыштуу кылмыш иштери боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүү, ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча соттук иштерди чечүү жөнүндө соттук тажрыйба алмашуу, кээ бир маселелер боюнча укуктук жардам берүү, ошондой эле информациялык технологияны колдонуу.

Кеңешменин жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагалары биргелешкен билдирүүгө кол коюшат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: