Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Иранга барат
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-сентябрда Иран мамлекетине расмий сапары менен барат. Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш сапарынын алкагында Атамбаев Иран өлкөсүнүн башчысы Хасан Роухани менен жолугушмакчы. Жолугушууда кыргыз-иран кызматташтыгынын азыркы абалы жана өлкөлөр ортосундагы мамилени мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болот. Ошондой эле эки өлкө башчысы кызматташуу боюнча документтерге кол коюшмакчы.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Атамбаев 1-3-сентябрь күндөрү иш сапары менен Кытай Эл Республикасында болуп, Бээжин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















