super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоо жаатында маалыматтык технологияларды колдонуунун маанилүүлүгү айтылды

 
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өтүүдө.
Анда ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн директорунун орун басары Нуржан Жигитеков: "Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча тийиштүү мекемелеринин тыгыз кызматташтыгы гана натыйжалуу болот",- деди.
Казакстандын Жогорку Сотунун төрагасы Кайрат Мами иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп: "Жогорку соттук инстанцияга болгон суроо-талаптын көп болгонун көрүп жатабыз. Бир жыл мурун Казакстанда өткөн 9-кеңешмеде жолуккан элек. Кеңешмеде кабыл алынган чечимдер жакшы жыйынтык бергенин белгилеп кетким келет. Казакстанда жаңы Процессуалдык кодекс кабыл алынып жатат",- деди.
Тажикстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Шермухаммад Шохиен: "ШКУнун башкы максаты аймактагы тынчтыкты орнотуу жаатында ар тараптуу кызматташууну ишке ашыруу болуп саналат. Азыркы кеңешмедеги талкуулоочу маселелер актуалдуу экенин белгилегим келет. Укук коргоодо маалыматтык технологияларды колдонуу жакшы жөрөлгө",- деди.
Казакстандын Жогорку Сотунун өкүлү Айгүл Кыдырбаева сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу тууралуу баяндама жасап, аталган өлкөдөгү сотторду окутуу иш-чараларына токтолду. Анын айтымында, Казакстанда ар бир сот 4-5 жыл аралыгында окутуудан өтөт, окутууларга учурда иштеп жаткан соттор, отставкадагы соттор, окутуучулар чакырылат. Квалификация жогорулатуу боюнча жылына 450дөн ашуун сот окутуудан өтөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: