super.kg logo

Бишкекте таксистти отвёртка менен жүрөккө сайып өлтүргөн адам кармалды

 

Бишкекте таксистти жүрөккө отвёртка менен сайып өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу 4-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-август күнү Бишкектеги Туңгуч кичи районундагы аялдамалардын биринде саат 09:00 чамасында 36 жаштагы М.А. аттуу жаран кардар күтүп турганда 30 жаштагы жаран унаасы менен келип, кезек күтпөй эле кардар менен макулдашып алып, аны салып кетип калган. Кайра келип дагы башка кардар менен макулдашып, салып кетүүгө аракет кылып жатканда М.А. аттуу жаран ага түшүндүрүүгө аракет кылып жанына сүйлөшүүгө барган. Бирок экөө уруша кетип, ал 36 жаштагы М.А. аттуу жарандын жүрөгүнө отвёртка менен сайып жиберип качып кеткен. Башка такситтер “Тез жардамга” жана милицияга кабар берип, аларды окуя болгон жерге чакырышкан. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болуп калган.  

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан бул боюнча кылмыш иши ачылып, издөө иштеринин натыйжасында адам өлтүргөн жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты. Ал күнөөнү моюнуна алып, милицияга көрсөтмө берди. Учурда ал №1-СИЗОго камакка алынды. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.09.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп бара жатабыз!!
04.09.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уфффф, ушул окшогон окуяларды окуп алып эле журогум оорукчан болгону калды
04.09.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиргилик кылабыз деп эмнелер гана болуп атат.
05.09.2015. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдардын бири бирине болгон адамгерчилик сезими жоголуп, шайтан минип алганбы? адамзат бири бирин кырып алат го тез эле минтип жашасак
05.09.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан жакында "Крим авторитет" болот окшойт..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: