Нарын облусунун үч тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды




Нарын облусунун үч тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 4-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, Нарын облусунун 28 жаштагы Т.Назгүл аттуу тургуну 15-августта Ысык-Ата райондук Ички иштер башкармалыгына кайрылып, 13-август күнү 1989-жылы туулган иниси Т.Рустам болжол менен саат 21:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Издөө иштеринин натыйжасында Т.Рустамдын дайынсыз болушуна шектелип 1974-жылы туулган Ж.Автандил, 1980-жылы туулган Т.Талантбек жана С.Болот аттуу Нарын облусунун үч тургуну кармалды. Алардын бири Аламүдүн районунан, экөөсү Кочкор районунан кармалып, милицияга жеткирилди.
Суракка алуу учурунда белгилүү болгондой, алар Рустамды ошол күнү колу-бутун байлап Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасына салып алып Токмок шаарынан Кочкор районуна жөнөшкөн. Кубакы ашуусуна жеткенде аны унаадан түшүрүп, 2-3 чакырым алыстыкка алып барышкан. Талантбек жана Болот Рустам менен Автандилди калтырып коюп, унааны көздөй баса беришкен. Автандил мас абалында болуп, экөө бир пикирге келе албагандыктан, Автандил анын башына таш менен бир нече жолу урган. Жыйынтыгында Рустам ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден качып кетишкен. Тергөө тобу аталган жайга барып, каза болгон Рустамдын жансыз денесин колу-буту байланган абалда табышкан.
Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
deva

04.09.2015. 14:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашабагырлар!
Nendi15

04.09.2015. 18:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта адам олтуруу тоок сойгондой эле болуп калдыбы??? Канчалык ачуусу келгенде деле адам кичине озун кармап, эртенки кунун ойлош керек да...Кантип бироону сабаганы, кыйнаганы, зордуктаганы, олтургону колдору барат...Жабырлануучу алдында кыйналып,жалдырап жатканын кантип чыдап карап туруп кайра зыян келтиришет? Эч тушунбойсун.Деги адамдар кайда баратабыз? Ар куну жанылыктарды окуганда журогун ооруйт.Жакшы кабар укпай калдыкго...
Nendi15 түзөттү 04.09.2015 18:20
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.