super.kg logo

Бишкек мэриясы "Ата Мекендин" шаарда илинген 56 үгүт баннерин алып салды

 

3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү Бишкекте "Ата Мекен" партиясынын үгүт баннерлерин илүү учурунда штаб кызматкерлери каршылыкка туш болушту. Партиянын штабынан билдиришкендей, түн ортосунда штабдын кызматкерлери борбор калаанын мурдатан ижарага алынып, даярдалган аянтчаларына үгүт баннерлерин илип башташкан. Бирок Тынчтык кең көчөсүндө, Чүй, Киев, Токтогул, Бөкөнбаев, Горький көчөлөрүндөгү кронштейдерге баннер илип жатканда штабдын кызматкерлери адамдардын каршылыгына туш болушкан. Алар бийликтин партиясы өздөрүнүн баннерин илмейинче калгандардын илүүгө акысы жок экендигин билдиришкени айтылды. 

Жыйынтыгында “Ата Мекендин” баннерлери таңга маал саат 03:00 чамасында гана илингени айтылды. Бирок эртең мененки саат 07:00дө баннерлердин баары алынганы, иликтөөдөн улам баннерлер Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен алынганы белгилүү болгону айтылат маалыматта. 

“Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын маалыматына караганда, “Ата Мекен” партиясы шаардык ички иштер башкармалыгына, Башкы прокуратурага жана БШКга тиешелүү арыздар менен кайрылганы белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, “Ата Мекен” партиясы Бишкек шаарынын аймагында жарнамалык-маалыматтык үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн кронштейдерге уруксатты “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 2015-жылдын 24-августунда алган.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: