super.kg logo

Кыр-Жол айылында үйүн жер көчкү басып калгандарга салынган үйлөр тапшырылды (фото)

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн үй-жайсыз калган жана турак жайлары зыянга учураган жарандарга үйлөр курулуп, бүгүн, 4-сентябрда салтанаттуу түрдө тапшырылды. Ага КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева катышты. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, алгач 24-май күнү көчкүнүн астында калып каза болгон 6 адамга куран окулуп, андан кийин үйлөрдү тапшыруу болду.  

Боронов өз сөзүндө жаңы үй ээлерине үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалады. Андан кийин үй ээлери жаңы үйлөрдү куруп бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

Аянты 90 чарчы метрден болгон бул 8 үй толук шарты менен курулду. Таза суу жана электр энергиясы тартылып келинген. Ал эми курулуш иштерин бүткөрүүгө жалпы 11 миллион 400 миң сом сапрталды. Бул каражатты президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүп берген.

Айта кетсек, жер көчкү 24-майда болуп, 5 турак жайды басып калган. Жер көчкүнүн астында калган 6 адамдын сөөктөрү куткаруучулар тарабынан ошол эле күнү табылган. Андан сырткары 12 адам "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага медициналык жардам көрсөтүүгө жеткирилип, анын ичинен 5 адам ооруканага жаткырылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
04.09.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уйлору кут болсун
04.09.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
АК жолтой уйлордон болсун!!! Кооп жакшылыктардын кубосу болсун!!
05.09.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун! Рахмат өкмөтүбүзгө!
07.09.2015. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ылайым элибизде ушундай жакшы жанылыктар кобойуп, ынтымакта, бейкутчулукта жашайлы. Уйлор сонун курулуптур, баракелде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: