Футбол. Улуттук курамдын тайпадагы абалы, кезектеги оюндарынын тизмеси, тандоо туру тууралуу толук маалымат
2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру кызуу жүрүп жатат. 3-сентябрда футболчуларыбыз конокто Иордания менен тең ойноп, 1 упай алышты. Буга көптөр кубанышты, бирок бир катар суроолор да пайда болуп жатты. SUPER.KG порталы футбол сүйүүчүлөрүнүн кызыкчылыгын эске алып, Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру тууралуу айтып берет. Эмесе, эң көп суралган суроолорго жооп беребиз...
ТАНДОО ТУРУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
*
Тандоо туру - дүйнөдөгү бардык улуттук курамалардын катышуусунда өткөрүлүүчү мелдеш. Анда ар бир Дүйнө чемпиондугунун, Континент биринчилигинин алдында командалар иштелип чыккан жобонун негизинде өз ара ойноп, мыктыларын аныкташат. Бөлүнгөн орунга жараша жеңип чыккан команда ири мелдештин финалдык баскычына чыгат. Учурда кыргыз футболчулары катышып жаткан тандоо турунда 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна жана Азия чемпиондугуна жолдомо ойнотулуп жатат.
АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНА ЖАНА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЧЫГУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
*
Азия чөлкөмүндөгү тандоо туруна 40 команда катышып жатат. Командалар жыл башында беш-бештен 8 тайпага бөлүштүрүлгөн (биздин курама Австралия, Иордания, Тажикстан, Бангладеш менен чогуу "В" тайпасында). Кийинки баскычка 8 тайпада 1-орунду алган 8 команда жана мыкты жыйынтык менен 2-орунду алган 4 команда чыгат. Жыйынтыгында кайрадан чүчү кулак ташталып, 12 команда алты-алтыдан 2 тайпага бөлүнөт. Анда өз тайпаларында алдынкы 2 орунду ээлеген командалар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат. Ал эми бул тайпаларда 3-орунду ээлеген 2 команда өз ара ойноп, утканы башка континенттин өкүлдөрү менен ойнойт. Утса, Дүйнө чемпиондугуна жолу ачылат.
Азыркы тандоо турунда кийинки баскычка 8 тайпада жеңип чыккан 8 команда жана 8 тайпада мыкты жыйынтык менен 2-орунду алган 4 команда чыгарын айттык. Бул 12 команда 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алышат.
ИОРДАНИЯ МЕНЕН ТЕҢ ОЙНОГОН СОҢ ЭМНЕГЕ ПЕНАЛЬТИ ТЕБИШКЕН ЖОК?
*
Себеби жобо боюнча тайпалык баскычта пенальти тебилбейт, анда командаларга упайлар берилет. Упайлардын эсебинен жеңүүчү аныкталып, кийинки баскычка чыгат. Упайлар боюнча тактай кетсек, жеңген командага 3 упай берилет. Тең чыгууга 1 упай берилсе, утулган команда упайдан куру калат.
ЭМИ КАЧАН жана КАЙСЫ КОМАНДАЛАР МЕНЕН ОЙНОЙБУЗ?
*
Бул дагы эң көп берилген суроолордун бири. Жооп алуу үчүн улуттук курама өткөргөн оюндардын жыйынтыктары жана алдыда болчу оюндардын тизмесине көз салыңыз:
1-тур. 11-июнь. Бангладеш - Кыргыз Республикасы - 1:3
2-тур. 16-июнь. Кыргыз Республикасы - Австралия - 1:2
3-тур. 3-сентябрь. Иордания - Кыргыз Республикасы - 0:0
4-тур. 8-сентябрь. Кыргыз Республикасынын курамасы бул турга катышпайт.
5-тур. 8-октябрь. Кыргыз Республикасы – Тажикстан
6-тур. 13-октябрь. Кыргыз Республикасы – Бангладеш
7-тур. 12-ноябрь. Австралия – Кыргыз Республикасы
8-тур. 17-ноябрь. Кыргыз Республикасы - Иордания
9-тур. 24-март, 2016-жыл. Кыргыз Республикасынын курамасы бул турга катышпайт.
10-тур. 29-март, 2016-жыл. Тажикстан – Кыргыз Республикасы
Автор: Максат Кудайбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Бешиктеги бөбөк андроидтерди башкарып атканда Кыргыз футболчуларынын өткөргөн оюндарын көгүлтүр экрандан кһрө албаганыбыз өкүндүрөт. Сангарип, санарип, санарип, деп эле атабыз, жок дегенде трансляция бере албагандан кийин не кереги бар санариптин!!! Ушуну бйиликке, КТРКга, ЭЛТРге жеткизип койгулачы Суперинфо!СУРАНЫЧ! Бирок шайлоо бүтмөйүнчө майнап деле чыкпаса керек суранычтан!
Otkonku Jordan m/n bolgon oiunda alar kop surap koyuptur translyaciyaga,owogo korboi kaldyk.
Ar bir oyunubuzdu tuz efir alyp bergile,koldoibuz.Futbolubuzda onugot.Je onuguu partiyasyna aitalyby dostor?ALGA KYRGYZSTAN!!!
dubai,үйдө ойной турган оюнда Кыргыз Республикасы деп биринчи жазылат. Ал эми конокто ойной турган болсо алгач атаандаш биринчи жазылат. Мисалы, Тажикстан, Бангладеш, Иордания командалары менен өз үйүбүздө ойнойбуз.
Азырынча андай маалыматыбыз жок. Бирок кабарлаганга аракет кылабыз.
Dostor Bizdin kanaldar tuz efir korsotmok,bolgonu eki olko ortosunda translyaciya boyuncha akcha keliwim bolot(misaly 100min$500min$ ar kandai)owonu bizdin futbol federaciya je olkobuz toloso anan tuz efir bolot.Birok bizdikiler toloboitat.Owonu suranabyz tuz efir alyp bergile.
Ar bir oyunubuzdu tuz efir alyp bergile,koldoibuz.Futbolubuzda onugot.Je onuguu partiyasyna aitalyby dostor?ALGA KYRGYZSTAN!!!
ALGA Kyrgyzstan..