super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ошто айдоочу кечкисин борбордук аянтта унаа менен жүрүүгө тыюу салган эрежени бузуп, баланы сүзүп кетти

 
"Ош шаарынын борбордук аянтында кечки саат 19:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин унаа менен жүрүүгө тыюу салынганына карабай унаалар көп жүрөт. Айдоочулар жөн жүрбөй катуу айдашат, ойношот, кыскасы, көп эле эреже бузуулар болот",- деген нааразычылыгын окурман 4-сентябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Мунун кесепетинен бүгүн саат 22:00 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамды сүзүп кетти. Унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта айдап келе жатып эл турган жерге жеткенде артка бурам дедиби же ойнодубу, аянттын так ортосуна келгенде адамды сүзүп алды. Айдоочу жаш эле бала көрүнөт. Жабыркаган баланы жанындагы достору унаага салып ооруканага алып кетишти",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.09.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корунбойтко эч нерсе!
05.09.2015. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
4-сентябрь кечинде Оштун борбордук аянтында автомашиналар абдан коп болду.БИР БОЛ партиясынын лидерлери Оштун борбордук стадионунда келип, угут создорун айтышта,андан сон чон программада концерт коюшту.Концерттен сон автомашиналар менен уй уйлорго таркашты,мен озум башка автомашиналар да тыю салынган жактар менен айдап чыгып кеттик.Анан адамдар да абдан коп эле,жанакы фит унаасы эми капыстан уруп алгандыр да.Негизи абайлагылачы бай болгурлар.
05.09.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хонда фит ист ит айдагандын баары Жаны уйронгондор же кыздар булардан абайлаш керек. Эгерде фиттин же исттин кун тийип туруп дворниги (айнек сургучу)иштесе анда ал бурулат. Кыскасы абайлагыла жолдо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: