super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2015: Ошто “Бир бол” партиясынын жолугушуусуна 30 миңдей адам келди

 

4-сентябрда “Бир бол” партиясынын шайлоо алдындагы эл менен жолугушуусу өтө турган Ош шаарынын 30 миң орундук стадиону жык толду. Партиядан билдиришкендей, элдин алдына Мыктыбек Абдылдаев, Марат Султанов, Алтынбек Сулайманов, Аскарбек Шадиев, Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров, Жаныбек Бакчиев, Игорь Чудинов, Бакирдин Субанбеков, Чолпон Жакупова, Кубанычбек Жумалиев, Улугбек Ормонов, Кыяс Молдокасымов жана Лунара Мамытова чыгып сөз сүйлөштү.

Мыктыбек Абдылдаев: "Касиеттүү Оштон бир айлык үгүт жарышы башталып жатканы жөн жерден эмес. Ош жергеси, жалпы элибиз биздин чоң, байсалдуу жолго чыгышыбызга батасын берип жатат. Баарыбыз мамлекетибиздин эртеңкисин ойлоп, Баш мыйзамды, бүт иштеп жаткан инсандардын тазалыгын, жаркын келечекке болгон ишенимин сактайлы деген ой менен парламентке баратабыз”,- деп билдирди.

Марат Султанов өз сөзүндө партия мамлекеттин 50 пайыз кирешеси аймактарга калуусун сунуштаганы айтылды: "Ошондо инфраструктуранын өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Ал эми шаар башчылыгына эл өзү билген жана ишеним көрсөткөн адамдарды түз шайлашы керек. Партиянын “Илбирс секириги” программасында криминалдык жана муниципалдык милиция түзүлө турганы, коомдук тартипти камсыздоо мэрияга жүктөлүп, мэрге баш ийген полиция боло турганы жазылган".

Алтынбек Сулайманов жергиликтүү бийликти шайлоого байланышкан эрежелерди бузбоого чакырганы маалымдалды. “Баарына эреже бирдей болушун талап кылам, кошоматчылардын айынан ушул күнгө жеттик. Биз саясатта жигитчилик, мырзачылыкты биринчи орунга коёбуз”,- деди Сулайманов.

Партиянын дагы бир талапкери Акылбек Жапаров: “Дүйнөнүн кайсы жагында болбойлу, кыргыз болобу, өзбек болобу, орус болобу, биз алар үчүн кыргызстандыкпыз, биз бүтүн бир элбиз, бирдиктүү күчпүз, ошондуктан мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн бар бололу, бир бололу!”- деп сөзүн жыйынтыктаганы айтылды.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: