super.kg logo

"Ата Мекен" - жарандардын укугун камсыз кылуучу партия

 

"Ата Мекен" партиясынын Кочкор-Ата шаарындагы жыйыны 8000ден ашуун адамдын коштоосунда өтүп, ага катышкандар Кыргыз Республикасынын келечеги, социалдык коопсуздугу "Ата Мекен" партиясы тарабынан сунушталган демилгелер менен мыйзам долбоорунда экенин билдиришти. Партиянын билдиришинче, чогулгандар партия лидери Өмүрбек Текебаевдин өлкөбүздүн өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары калыптанышына, саясий-социалдык коопсуздугуна кошкон салымы нар көтөргүс экенин белгилешти.

Кочкор-Ата шаарында "Ата Мекен" партиясынын жыйналышына келген элдин агымы токтобой, анда быйылкы парламенттик шайлоого аттанган талапкерлерге сөз берилип, алгач партия жетекчиси Өмүрбек Текебаев жакында боло турган шайлоо башка шайлоолордон айырмаланарын элдин эсине салып, өнүгүү багытын камтыган программага кыскача токтолгону айтылды.

"Ата Мекен" партиясы эң биринчи адамдын социалдык укугун камсыздайт, анткени бүгүнкү күндө жүз миңдеген жарандар социалдык укугунан ажырап келишет. Турак жайга муктаж жарандардын саны күн санап өсүүдө. Турак жай маселесин мыйзамдуу чечүүгө толук күчүбүз жетет. Албетте, биздин партия - жарандардын укугун камсыз кылуучу партия. Анын алкагында коррупция менен күрөшүү жүрөт, биздин партия мамлекетибизди энергетикалык, жалпылап айтканда, экономикалык көз карандысыздыкка алып чыгат",- деди Текебаев.

Партия жетекчиси саясат айдыңына "Ата Мекен" партиясы тарабынан аттанып жаткан талапкерлерге токтолуп, алар жөнүндө мүнөздөмө берген. Иш-чарада Кочкор-Ата шаарында да чечүүгө муктаж болгон көйгөйлөр бар экени, бүгүнкү күндө миңдеген шаар тургундары турак жайга муктаж экендиги айтылды.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: