super.kg logo
  Саясат  

ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагалары биргелешкен билдирүүгө кол коюшту

 

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын жыйынынын соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева, Казакстандын Жогорку Сотунун төрагасы Кайрат Мами, Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстандын Жогорку Сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары Кучкар Тогаев, Кытайдын Жогорку Элдик Сотунун төрагасынын орун басары Ху Юнтенг биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 5-сентябрда билдиришти. Билдирүүдө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун кызматташтыгын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу үчүн иш сапарларды, конференцияларды уюштуруу жана башка иштерди аткаруу жагы камтылган.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын кеңешмеси өткөн. Анын алкагында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева уюмга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун делегациясынын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: