super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын үгүт кербени Сузак районунда уланды

 

"Ата Мекен" саясий партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уланды. Эл менен жолугушууда миграция, жарандык укуктар, жаштар маселеси козголуп, көйгөйлөрдүн жандырмагы партия лидеринин көтөргөн демилгелеринде экенине чогулгандар ынанышканын билдирет партиянын маалымат кызматы. Анда улуттук идеология, экономикалык көз карандысыздык, ошондой эле жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, өлкөдөгү жумушсуздукту жоюу маселеси көтөрүлгөн. 

Иш-чарада “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Буга чейин коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси мамлекеттик деңгээлдеги орчундуу көйгөйлөрдөн болсо, 2010-жылдан тартып "Ата Мекен" партиясынын күжүрмөн аракети менен бир топ коррупциялык элементтерге, кылмыштуулукка каршы мыйзамдуу чаралар көрүлүп келди. Аталган реформаны турмушка ашыруу шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды",- деп билдирди. 

Алдыга карай өнүгүү формуласы мыйзамдык башкаруудан көз каранды экенин “Ата Мекен” партиясынын катарында шайлоого бара жаткан мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кошумчалайт. Андан кийин партиянын тизмесинде турган башка талапкерлерге да сөз берилип, алардын да алдыдагы шайлоо өнөктүгүндөгү платформалары айтылып, жолугушууга келген элдин купулуна толгону маалымдалды.

“Ата Мекен” партиясынын Сузак районундагы жолугушуусу калың элдин колдоосунда, чогулган эл кары-жаш дебей партия мүчөлөрүнүн конкреттүү айтылган убадаларына ишеним артып, келечектен көптү үмүттөнүп, жылуу маанайда концерттик программалардын коштоосунда өткөнү айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: