super.kg logo

"Ата Мекендин" Кызарттагы жолугушуусун эл кызуу колдоду

 

“Ата Мекен” социалисттик партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылындагы эл менен жолугушту. Иш-чарада алар жергиликтүү калкка алдыдагы шайлоонун мааниси тууралуу түшүндүрмө беришип, шайлоо элет элинин жашоосун жакшыртууда чоң роль ойной турганын белгилешкени айтылды.

“4-октябрда өтө турган шайлоо өлкөбүздөгү парламенттик демократияны өнүктүрүүдө зор мааниге ээ. Ушул эле шайлоо - мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө багыт берүүчү негизги окуя. Ошондуктан шайлоого активдүү катышып, таза жана адилеттүү добушуңуздарды берүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо аласыздар”,- деди Алмамбет Шыкмаматов.

Талапкерлер аймактын жаштар жамааты менен да жолугушуп, аларды коомдук иштерге активдүү катышууга үндөшкөнү, жер-жерлердеги жаштардын демилгелери менен жүрүп жаткан иштерге баа беришип, алардын аракеттерине колдоо көрсөтүшөрүн билдиришкени маалымдалды.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: