Акмандыктар Өмүрбек Текебаевге “Ардактуу атуул” наамын ыйгарышты




"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган талапкерлер Акман айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга чогулган эл “мыйзам атасы” аталган Өмүрбек Текебаевге 25 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө эбегейсиз салым кошконун, өткөөл кырдаалдарда мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калганын, ошондой эле анын мамлекеттин курулушуна нар көтөргүс салым кошконун белгилешип, ага "Ардактуу атуул" наамын ыйгарышты.
Партия лидери Өмүрбек Текебаев: "25 жылдык саясий ишмердүүлүк жолумда алган сыйлыктарымдын ичинен бул сыйлык мен үчүн абдан жогору болду. Мени ушул даражага жеткирген сиздерсиздер. Мен Акман жерим, элим менен ар дайым сыймыктанам",- деди.
Ошондой эле "Ата Мекен" партиясынан талапкер, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов да сөз сүйлөдү. Ал "Ата Мекен" партиясынын программасына ылайык, медициналык тармакка реформа жүргүзүү зарылдыгына токтолду. Аны менен бирге талапкер катары партиянын төрагасы менен бир багытта шайлоого аттангандыгын кубануу менен белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Абдраманов айыл тургунунун ден соолукка байланыштуу маселесин ошол жерден чечип берди.
Чогулгандар шайлоого аттанган талапкерлерге ийгилик каалашты. Жолугушуунун жүрүшүндө "ата мекенчилер" алдыда партия демилгелеген программа жана өнүгүү багытын көздөгөн ири долбоорлор жөнүндө түшүндүрмө беришти.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



