super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен Ирандын ортосунда 9 документке кол коюлду

 
Бүгүн, 5-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев менен Ирандын президенти Хасан Роуханинин жолугушуусунун жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Алар:

- Кыргыз Республикасынын Президенти менен Иран Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсү;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Ирандын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу консультациялар жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосунда эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Ирандын Энергетика министрлигинин ортосунда энергетика, гидроресурстар жана энергия тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Ирандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Өлкөлөрдүн авиациялык бийликтеринин ортосунда ниеттер жөнүндө протокол;

- Ирандын телекөрсөтүү боюнча уюму менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Ирандын Соода, өнөр жай, тоо-кен өнөр жайы жана айыл чарба палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Ирандын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда консулдук консультациялардын жыйынтыктары боюнча протокол.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: